Түрк Кеңешинин лидерлер саммити

Азербайжандын борбор шаары Бакуда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташуу Кеңеши Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын 7 -  саммити өткөрүлөт.

1287639
Түрк Кеңешинин лидерлер саммити

Азербайжандын борбор шаары Бакуда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташуу Кеңеши Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын 7 -  саммити өтөт.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жетекчилигинде эртең өткөрүлө турган саммитке президент Р. Т. Эрдоган, Казакстандын куруучу президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев катышат.

Түрк Кеңешинин байкоочу мүчөсү Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбан менен мекемеге мүчө болбосо да иш чараларга катышуу мүмкүнчүлүгү бар Түркмөнстандын премьер  - министри Пүрли Агамурадов да саммитке катышат.

Саммиттин негизинде бүгүн Түрк Кеңешинин тышкы иштер министрлери жыйын өткөрөт. Жыйынга Түркиядан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышат.

Негизги темасы «Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү» болгон саммиттин негизинде мүчө өлкөлөрдүн экономикадан жооптуу министрлеринин катышуусу менен бүгүн Түрк Кеңешинин Иш форуму да өткөрүлөт. Ошол эле күнү Тышкы Экономикалык Карым  - катнаштар Кеңешинин уюштуруусу менен Дүйнөлүк Түрк Иш Кеңешинин Жыйыны да ишке ашырылат.

Белгилүү саясий тынчсыздануулардан улам көптөгөн жылдардан бери Түрк Кеңешинин тышында болгон Өзбекстандын мекемеге мүчө болуу  боюнча чыгарган чечими эртең расмийлешет жана Өзбекстан бул күндөн баштап мекеменин мүчөсү болот.

Саммиттин негизинде Казакстандын куруучу президенти Назарбаевге түрк дүйнөсүн бириктирүү аракеттерине кошкон чоң салымынан улам «Түрк Кеңешинин өмүр боюу ардактуу төрагасы» наамы берилет.

 



Тектеш кабарлар