Террористтер бошоткон абактын көрүнүштөрү ортого чыкты

Түркия текшерүүнү түзүүгө даяр болгон Тель Абяддагы абактын бош экендиги такталды.

1287885
Террористтер бошоткон абактын көрүнүштөрү ортого чыкты

Террордук уюм ПКК/ПЙД/ЙПГ терроррсттери басып алган Сириянын Тель Абяд районунда террордук уюм ДЕАШ мүчөлөрүн эркин коё берген абактын көрүнүштөрү ортого чыкты.

Түркия текшерүүнү түзүүгө даяр болгон Тель Абяддагы абактын бош экендиги такталды.

Абак террористтер тарабынан толугу менен бошотулуп, бийик дубалдар менен курчалган имараттын ачык каалгалары көңүлдөрдү бурду. ЙПГ террористтери таштап кеткен абакта террордук уюмдун корбашысынын портреттери менен түрдүү досьелер да көрүнүштөргө чагылды.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар бул тууралуу билдирүүсүндө : «ДЕАШ абагына барганыбызда мунун ЙПГ террористтери тарабынан бошотулгандыгын, ал жердеги ДЕАШ террористтеринин качырылгандыгын көрдүк»,- деди.

 



Тектеш кабарлар