Операцияда жок кылынган террорист саны 342ге жетти, 3 шейитибиз бар

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, үчүнчү күнүндөгү операцияга командирлер менен Министрликте баа берди.

1286654
Операцияда жок кылынган террорист саны 342ге жетти, 3 шейитибиз бар

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сирияда Евфрат дарыясынын чыгыш жагында өлкөгө жана аймакка тынчтык жана бакубаттык алып келиш үчүн жүргүзгөн «Тынчтык булагы» операциясында дагы бир суук кабар келди.

Сириянын мындан мурда «Евфрат калканы» операциясы менен боштондук келген Халеб шаарына караштуу Азез районуна жакын жерде 2 аскер шейит болду.

Ал аймактагы ТКК базасына жикчил террор уюму ПКК/ПЙД көзөмөлүндөгү Тель-Рыфаттан минометтун огу атылды. Минометтун огу тийген база аймагындагы 6 аскер жаракат алды. Жаралуу аскерлер тез жардам унаалары менен Килистеги ооруканага жеткирилди.

Бул жердеги бардык аракетке карабастан 2 аскер шейит болуп, «Тынчтык булагы» операциясында шейит болгон аскер саны 3кө жетти.

Террордук уюм ЙПГ/ПККнын Сирияда басып алуусу астындагы аймактардан Шанлыурфанын Суруч районундагы жарандарга карай минометтун огу атылып 2 киши каза тапты, 2 киши жаракат алды.

Мардиндин Нусайбин районунда да көп сандаган киши жаракат алды.

Операцияда жок кылынган террорист саны болсо 342ге жетти.

Операциянын алкагында Тель-Абьяд жана Рауслайндагы 13 айыл террористтерден тазаланды.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, үчүнчү күнүндөгү операцияга командирлер менен Министрликте баа берди.

Операциянын пландалганы сыяктуу ийгиликтүү улантылганын баса белгилеген Акар: «Ушул убакка дейре 342 террорист жок кылынды»,-деди.

«Баштаган иш-аракетибизди буюрса жер карабагыдай түрдө бүткөрөбүз» деген улуттук коргоо министри, операция аянтында камактагы ДЕАШка мүчө террористтердин эркин кое берилиши сөз болбогонун баса белгиледи.

Операция аймагында ар түрдүү чаралар көрүлгөнүн айткан Акар: «Максатыбыз Евфраттын чыгыш жагында ДЕАШ, ПКК/ПЙД-ЙПГ баш болгон террористтерди жок кылуу жана бул жерде тынчтык тилкесин түзүп өлкөбүздөгү сириялык туугандарыбыздын өз жерлерине, үйлөрүнө кайтууларын камсыздоо болуп саналат»,-деп айтты.

Түркиянын ДЕАШка каршы көкүрөгүн тосуп согушкан жалгыз НАТО жана Коалиция өлкөсү болгонуна көңүл бурган Акар: «Баатыр Түрк куралдуу күчтөрү, «Евфрат калканы» операциясы менен 3 миңден ашуун ДЕАШ террористин жок кылган. Бир гана өлкөбүздүн жана улутубуздун коопсуздугуна эмес, ошол эле убакта аймакта жашаган күрттөр, арабдар, ассирийлер, христиандар жана йезиддер, келданилер сыяктуу берки диний жана этникалык топтордун да коопсуздугуна абдан маани беребиз»,-деди.



Тектеш кабарлар