Сириянын улуттук армиясы Түркияга кошумча күч жөнөттү

Аскерлерди ташыган автобустар менен ок-дары жүктөлгөн фуралар Газиантепти көздөй бет алды.

1284520
Сириянын улуттук армиясы Түркияга кошумча күч жөнөттү

Сирияда оппозициячыл согушкерлерден турган Сириянын улуттук армиясы, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Евфрат дарыясынын чыгышына пландаган операциясына колдоо көрсөтүү максатында Шанлыурфага аскердик күч жөнөттү.

Сириянын улуттук армиясынын аскерлерин ташыган автобустар менен ок-дары жүктөлгөн фуралар, Килистен Газиантепти көздөй бет алды.

Коопсуздук чаралары астында келген конвойдун Шанлыурфанын Сирия чек арасында жайгашкан аскердик бөлүктөргө кошумча күч катары жөнөтүлгөндүгү билдирилди.



Тектеш кабарлар