Президент Эрдоган өлкөгө кайтып келди

Эрдоган, Түркия-Сербия Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин экинчи жыйналышына катышуу үчүн барган Сербиядан Түркияга катып келди.

1284564
Президент Эрдоган өлкөгө кайтып келди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия-Сербия Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин экинчи жыйналышына катышуу үчүн барган Сербиядан Түркияга катып келди.

Президент Эрдоган жана аны коштогон делегацияны ташыган «TC-TUR» учагы Түркия убактысы боюнча саат 21:50дө Анкарадагы «Эсенбога» аэропортуна конду.

Эрдоганды аэропортто вице-президент Фуат Октай, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Анкаранын губернатору Васип Шахин жана Анкаранын коопсуздук директору Сервет Йылмаз тосуп алды.

Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, казына жана каржы минстри Берат Албайрак, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, талаа чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли, транспорт жана инфраструктура министри Мехмет Жахит Турхан, Президенттик аппараттын коммуникация башчысы Фахреттин Алтун жана басма сөз катчысы Ибрахим Калын да Анкарага келишти.



Тектеш кабарлар