Тунжели жана Хаккаринин элет жерлерине операция жүргүзүлдү

Тунжелинин элет жеринде жүргүзүлгөн абадан коштолгон операцияда 2 террорист,Хаккаринин Чукуржа районунун элет жерине карай жүргүзүлгөн операцияда 3 террорист жок кылынды.

1283477
Тунжели жана Хаккаринин элет жерлерине операция жүргүзүлдү

Тунжелинин элет жеринде жүргүзүлгөн абадан коштолгон операцияда 2 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин жарыясына караганда ички коопсуздук операцияларынын алкагында Тунжелинин элет жеринде Облустук жандармерия командирлиги тарабынан абадан коштолгон операция жүргүзүлдү.

Операцияларда 2 террорист жок кылынды.

Тунжели губернаторлугунун жарыясында болсо шаардын элет жеринде кыймыл кылуу даярдыгын кылып жаткан террористтерге карай Облустук жандармерия командирлиги тарабынан операция башталганы белгиленип, «Абадан коштолгон операцияларда белгиленген 2 террорист, Жандармериянын атайын кыймыл дестанттары тарабынан жок кылынды» деген маалымат бөлүшүлдү.

Анда аймакта операция уланганы билдирилип, «Облусубузда террорист элементтеринин болушуна жана жок кылынышына карай иштер берилгендик жана чечкиндүүлүк менен улантылууда»,делди.

Хаккаринин Чукуржа районунун элет жерине карай жүргүзүлгөн операцияда да ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар