НАТО кемелери Чанаккаледе
«Нусрет -2019 чакыруу машыгуусуна» катыша турган НАТОго караштуу аскердик кемелер Чанаккалеге келди.
1281048
Чанаккале жана Сарос булуңунда 4 – 20 - октябрда өткөрүлө турган «Нусрет -2019 чакыруу машыгуусуна» катыша турган НАТОго караштуу аскердик кемелер Чанаккалеге келди.
НАТОго караштуу Италиянын аскердик деңиз флотуна таандык, борт номери А - 5329 болгон "ITS VESUVİO", грек аскердик деңиз флотуна таандык борт номери M32 болгон "SELLA", Италиянын деңиз флотуна таандык борт номери M-5557 "ITS NUMANA 9" менен түрк аскердик деңиз флотунан борт номери M266 болгон "TCG Amasra" кемелери Түркия убактысы боюнча саат 09:00 чамаларында Чанаккале кысыгынан өттү.
Кемелерди жээк коопсуздук топтору коштоду. Кемелер Жээк коопсуздук директорлугуна таандык куткаруучу буксирлер менен Нара портуна барды.