Хулуси Акар : "Ф - 35 болбосо улуттук аскердик учагыбызды жасайбыз"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын өз аскердик учагын жасай тургандыгын жана абадан коргонуу системасын чыгарарын айтты.

1280368
Хулуси Акар : "Ф  - 35 болбосо  улуттук аскердик учагыбызды жасайбыз"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын өз аскердик учагын жасай тургандыгын жана абадан коргонуу системасын чыгарарын айтты.

Акар борбор шаар Анкарада Көз карандысыз ишкерлер коому МҮСИАД өткөргөн «Аскердик радар жана чек аранын коопсуздугу саммитинде» сүйлөгөн сөзүндө дүйнөдө маанилүү абалдар, жаңылыктар жана өзгөрүүлөрдүн ылдам түрдө болуп жаткандыгын белгиледи. Булардын чоң бөлүгүнүн Түркияны жакындан кызыктыргандыгын айткан Акар саясий, аскердик, технологиялык, экономикалык жана башка тармактарда болгон бардык өнүгүүлөрдү жакындан иликтешкендерин белгиледи.

Түркиянын эми дайыма өз маселелери менен алектенген, ээ болгон булактары жана энергиясын өз ичинде жумшаган өлкө болуудан чыккандыгын айткан Акар : «Түрк куралдуу күчтөрүнүн муктаждыгынын негизинде бир топ аскердик курал жана  ок  - дарыны өз мүмкүнчүлүк жана булактарыбыз менен чыгарып жатабыз»,- деди.

Акар : «МИЛГЕМ кемелерибиз, «Алтай» негизги аскердик танк, «Фыртына» артиллериялык системалары, «АТА»К чабуул коючу тик учарлары, куралдуу жана куралсыз учкучсуз унаа аппараттары, «Хүркуш» башталгыч жана негизги машыктыруу учагы, биринчи учушун аткарган жана жакында массалык өндүрүш процесси баштала турган «ГӨКБЕЙ» жалпы максаттагы тик учар жана чыгарган бардык ок  - дары, жергиликтүүлүк жана улуттук тууралуу чечкиндүүлүгүбүздүн негизги көрсөткүчтөрү»,- деди.

Коргонуу өнөр жайында жергиликтүү өндүрүштүн барган сайын өсүү менен улантыларын жана АКШ менен болгон Ф  - 35 аскердик учактар тууралуу талаш  - тартыштарга басым жасаган Акар : «Ф  - 35 болбосо Хүркушту жасадык, өз улуттук аскердик учагыбызды да чыгарабыз. Патриот болбосо «Сиренди» жасап жатабыз, өз абадан коргонуу системабызды дагы да өнүктүрөбүз. Мындан эч ким шектенбесин»,- деди.

 



Тектеш кабарлар