Министр Пакдемирли Буркина-Фасого барат

Бекир Пакдемирли бул өлкөгө расмий сапар жасайт.

1279404
Министр Пакдемирли Буркина-Фасого барат

Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли, Түркия менен Буркина-Фасонун ортосундагы Кошмо экономикалык комиссиянын жыйынына катышуу жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн бул өлкөгө расмий сапар жасайт.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Пакдемирлинин сапары 1-октябрдан 4-октябрга чейин уланат. Сапардын алкагындагы бул жыйын, Пакдемирли менен Буркина-Фасонун тышкы иштер министри Альфа Барринин жетекчилигинде өткөрүлөт. Жыйында айыл чарба, мал чарбачылык, токой жана суу менен катар туризм, медицина, билим берүү, транспорт, өнөр жай, метеорология сыяктуу көптөгөн тармакта эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана берки кызматташтык темалары каралмакчы.

Пакдемирли менен Буркина-Фасонун өнөр жай, соода жана кол өнөрчүлүк министри Харуна Каборенин кожоюндугунда тегерек үстөл жыйыны да өткөрүлөт. Түркия-Буркина Фасо иш кеңешинин төрагасы Ахмет Дал жана Буркина-Фасонун өнөр жай жана соода палатасынын төрагасы Махамади Савадого менен ишкерлер катыша турган жыйында, инвестициялар темасы талкууланат.

Министр Пакдемирли өзгөчө Буркина-Фасонун президенти Рох Кристиан Каборе жана премьер-министри Кристоф Жозеф Мария Дабире тарабынан өз-өзүнчө кабыл алынат.



Тектеш кабарлар