Чавушоглунун рум министрге жообу...

Министр Чавушоглу, АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун имаратынын коридорлорунда Кипрдын Рум башкаруучулугунун тышкы иштер министри Никос Христодоулис менен бетме-бет келди.

1275124
Чавушоглунун рум министрге жообу...

Тышты иштер министри Мевлүт Чавушоглу, «Эмне үчүн федерация темасында дароо макулдаша албайбыз?» деп сураган Кипрдин Рум башкаруучулугунун тышкы иштер министрине, «Сенин лидериң муну четке какты»,-деп жооп берди.

Министр Чавушоглу, АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун имаратынын коридорлорунда Кипрдын Рум башкаруучулугунун тышкы иштер министри Никос Христодоулис менен бетме-бет келди.

Рум министр, Чавушоглун көргөндө колун сунуп, , «Эмне үчүн федерация темасында дароо макулдаша албайбыз?»-деп сурады.

Сүйлөшүү үчүн сүйлөшүү болбой турганын мындан мурда да айтканын эске салган Чавушоглу, Рум министрге: «Сеин лидериң четке какты. Алгач эмнени сүйлөшө турганыбызга чечим чыгарышыбыз керек. Эмнени сүйлөшөбүз, эки мамлекеттиби, башка бир нерсениби?» деген жоопту берип колун тартып алды.

Христодоулидис: «Эмнени сүйлөшө турганыбыз белгилүү. Болгону бир чечүүчү жол бар, эки коомчулуктуу, эки бөлүктүү федерация. Эки мамлекет же конфедерацияны унут»,-деп айтканда министр Чавушоглу, эки жыл мурда Швейцариянын Кранс-Монтана кыштагында Рум лидери Никос Анастасиадис менен болгон сүйлөшүүлөрдү эске салды.

Чавушоглу: «Акыркы жолу (Кранс-Монтанада) сенин алдыңда сенин лидериң конфедерацияны ортого салды. (Рум лидер) Анастасиадис өткөн жылы бир «федерация», бир «конфедерация» деди. Алгач эмнени сүйлөшө турганыбызды ачык талкуулап алышыбыз керек. Биз көп жылдардан бери чечүүчү жол үчүн аракет кылган тарап болдук, Аннан планында дагы, Кранс-Монтанада дагы»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар