Түркиялык эки аскер шейит болду

Террористтер тарабынан жайгаштырылган колго жасалган жарылуучу зат жарылып кетти.

1274622
Түркиялык эки аскер шейит болду

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККлык террористтер мурда жайгаштырып койгон колго жасалган жарылуучу заттын жарылып кетишинен эки аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинин маалыматында, Ирактын түндүгүндө аскердик унаа өтүп бара жатканда ПККлык террористтер тарабынан мурда жайгаштырылган колго жасалган жарылуучу заттын жарылып кеткендиги белгиленди.

Маалыматта жардыруунун себебинен эки аскердин шейит болгону, аймакта операциялардын уланып жатканы баса белгиленди.

Ошондой эле билдирүүдө: «Бизди терең кайгыга салган бул окуяда каза тапкан шейиттерибиздин жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, кайгылуу жакындарына, Түрк куралдуу күчтөрү менен түрк элине көңүл айтабыз»,-деген сөздөр орун алды.



Тектеш кабарлар