Азербайжан менен Тандалган соода келишиминe бул жылдын ичинде кол коюлат

Вице  - президент Фуат Октай Азербайжанда президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды.

1270535
Азербайжан менен Тандалган соода келишиминe бул жылдын ичинде кол коюлат

Вице  - президент Фуат Октай Азербайжан менен Тандалган соода келишиминин бул жылдын ичинде кол коюлушуна, бири бирине карата сооданын жеңилдетилиши жана бажы иштеринин ылдамдатылышы үчүн эки өлкөнүн ортосунда жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы жолунун курулушу тууралуу макулдашууга барылгандыгын билдирди.

Вице  - президент Октай борбор шаар Бакуда Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды. Президенттиктеги жолугушуу бир саатка созулду.

Октай бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркия менен Азербайжандын экономикалык карым  - катнаштарынын бардык тармакта өнүккөндүгүн, өткөрүлө турган Биргелешкен Экономикалык Комиссия жыйынынын экономикалык карым  - катнаштардын дагы да өнүгүшү үчүн маанилүү экендигин белгиледи. Жолугушууда коргонуу өнөр жайы, айыл чарба  жана дары секторунда кызматташуу тууралуу макулдашуу түзүлдү.

Андан кийин вице  - президент Фуат Октай менен Азербайжандын премьер  - министри Невруз Меммедовдун жетекчилигинде Түркия  - Азербайжан  8 -  Биргелешкен Экономикалык Комиссиясынын  жыйыны өткөрүлдү. Жыйында сөз сүйлөгөн Октай протоколдун түрк улутуна жана бир тууган Азербайжан калкына пайдалуу болушун каалады.

Азербайжан менен макулдашылгандардын арасында Адал акредитация жана Адал сетртификациялоо тармактарында техникалык кызматташуунун баштатылышы, фирма деңгээлинде иш алып баруу менен тышкы соода көлөмүнө салым кошуу, эки өлкөнүн почта башкаруусунун арасында е -  соода тармагында кызматташуунун түзүлүшү, Баку -  Тбилиси -  Карс темир жол долбоорунун негизинде чек арадан өтүү процедураларын жеңилдетүү үчүн иштердин аткарылышы да орун алды. Октай менен Меммедов андан кийин Түркия  -  Азербайжан 8 -  Биргелешкен Экономика Комиссиясынын протоколуна кол коюшту.

Вице  - президент Октай Бакуда Түркия  - Азербайжан Иш Форумуна да катышып сөз сүйлөштү.

Азербайжан жерлеринин бештен бир бөлүгүндө улантылып жаткан басып алуучулуктун акырына чыгарылышы үчүн чейрек кылымдан бери Азербайжан менен жакын тилектештик ичинде кыймыл кылышкандарына көңүлдөрдү бурган Октай Армениянын премьер  - министри Никол Пашиняндын басып алынган Азрбайжан жери Жогорку Карабахта жасаган билдирүүсүнө токтолуп : «Мындай популист сөздөрдүн сүйлөшүүлөргө салым кошпой тургандыгын баса белгилегим келет жана эл аралык коом буга үнсүз калбашы керек»,- деди.



Тектеш кабарлар