Анкарада «Түркия-Орусия-Иран Үчтүк Саммити» өтүп жатат

Президент Эрдоган,  Саммиттин алдында Чанкая сарайында лидерлер менен өз-өзүнчө жолугушууларды ишке ашырууда.

1270392
Анкарада «Түркия-Орусия-Иран Үчтүк Саммити» өтүп жатат
putin-erdogan.jpg
ruhani-erdogan2.jpg
ruhani-erdogan1.jpg
ruhani-erdogan.jpg

«Түркия-Орусия-Иран Үчтүк Саммити» Президент Режеп Таййип Эрдогандын кожоюндугунда Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусунда бүгүн 2019-жылдын 16-сентябрында борбор калаа Анкарада башталууда.

Президенттик аппараттын коммуникация башчылыгынан Астана форматындагы бешинчи Үчтүк саммити тууралуу маалыматта, «Идлиб баш болгон Сириядагы абалдар талкууланат, куралдуу кагылышуулардын соңуна чыгарылышы, баш калкалоочулардын ыктыярдуу артка кайтуулары үчүн керектүү шарттардын камсыздалышы менен туруктуу саясий чечүүчү жолдун табылышы максатында таштала турган биргелешкен кадамдар кеңешилиши максатталганы” билдирилген.

Президент Эрдоган,  Саммиттин алдында Чанкая сарайында лидерлер менен өз-өзүнчө жолугушууларды ишке ашырууда.

Эң оболу Ирандын президенти Рухани менен жолуккан Эрдоган, андан соң кийин Орусиянын президенти Путин менен жолукту.

Путин жана Рухани да эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Бетме-бет жолугушуулардан кийин «Үчтүк саммитке» өтүлөт.

Эрдоган, Путин жана Рухани Сириядагы акыркы абалдарды талкуулайт.



Тектеш кабарлар