Эртең Эрдоган-Путин-Руханинин Үчтүк саммити өтөт

Чанкая сарайында боло турган Астана форматындагы бешинчи Үчтүк саммит жыйынында, Идлиб баш болгон Сириядагы абалдар талкууланат.

1269811
Эртең Эрдоган-Путин-Руханинин Үчтүк саммити өтөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Рухани менен эртең (16.09.2019) борбор калаа Анкарада жолугат.

Чанкая сарайында боло турган Астана форматындагы бешинчи Үчтүк саммит жыйынында, Идлиб баш болгон Сириядагы абалдар талкууланат.

Саммитте Сириядагы куралдуу кагылышуулардын соңуна чыгарылышы, баш калкалоочулардын ыктыярдуу артка кайтуулары үчүн керектүү шарттардын камсыздалышы менен туруктуу саясий чечүүчү жолдун табылышы максатында таштала турган биргелешкен кадамдар күн тартипке келет.

Евфрат дарыясынын чыгышында түзүлө турган коопсуз аймак дагы күн тартипке келе турган саммитте айрыкча, лидерлердин арасында эки тараптуу сүйлөшүүлөр ишке ашырылат.

Президент Эрдоган, үчтүк саммиттен кийин бул айдын акырында АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясында АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугат.

Анкарада боло турган Үчтүк саммитте чыгарыла турган чечимдер Эрдоган-Трамп жолугушуусуна да чагылдырылат.

 



Тектеш кабарлар