Глобалдык Качкындар Форумунун директорунан Түркияга мактоо

Глобалдык Качкындар Форумунун директору Даниэль Эндерс Түркиянын качкындарга кылган мамилесинин качкын алган башка өлкөлөргө мисал болорун айтты.

1268912
Глобалдык Качкындар Форумунун директорунан Түркияга мактоо

Глобалдык Качкындар Форумунун директору Даниэль Эндерс Түркиянын качкындарга кылган мамилесинин качкын алган башка өлкөлөргө мисал болорун айтты.

Түркия тең төрагалыгын аткара турган, 17 – 18 -декабрда Швейцриянын Женева шаарында өткөрүлө турган Глобалдык Качкындар Форумунун директору Эндерс БУУнун офисинде өткөргөн пресс- жыйында сөз сүйлөдү.

Форумга президент Р. Т. Эрдогандын катышышынын расмийлешкендигин билдирген Эндрес өзгөчө Коста Риканын мамлекет башчысы менен Пакистандын премьер- министринин катышышынын да такталгандыгын айтты. Эндерс Глобалдык Качкындар Форумуна Түркиянын тең төрагалык кылышы тууралуу : «Түркиянын качкындар тууралуу кандай үлгү болгондугун форумда дүйнөгө бирдикте көрсөтөбүз. Түркиянын качкындарга кылган мамилеси качкын алган башка өлкөлөргө мисал болот»,- деп баа берди.

Дүйнөдө эң көп качкын алган өлкөнүн Түркия экендигин баса белгилеген Эндерс Түркиядагы качкындардын коом менен шайкеш келишинин жогорку деңгээлде экендигин айтты. Эндерс качкындардын жалпысынан барган өлкөлөрүндө жогорку билим ала албагандыгынбелгилеп буларды айтты : «Бирок Түркияда 20 миң качкын түрк жарандары менен бирдей укуктарга ээ болуп университеттерде билим алууда. Бул Түркия форумда көрсөтө ала турган мыкты бир мисал. Башка өлкөлөр да Түркиядан үлгү алат».

Форумдун тең төрагалыгын аткара турган президент ЭрдоганДүйнөлүк качкындар күнүнөн улам жарыялаган билдирүүсүндө : «Бардык тараптарды адилеттүү жана жоопкерчилик түшүнүгүнүн негизинде Түркия тең төрагалыгын аткара турган Глобалдык Качкындар Форумуна жогорку деңгээлде катышуу менен качкындар үчүн жоопкерчиликти алууга чакырам»,- деп билдирген.



Тектеш кабарлар