Акыркы бир айда 3 миң сириялык өлкөсүнө кайтып кетти

«Ыктыярдуу кайра кайтуу программасынын» негизинде 2015 -  жылдан бери 350 миңге жакын сириялык өлкөсүнө кайтып кетти.

1268419
Акыркы бир айда  3 миң сириялык өлкөсүнө кайтып кетти

Өлкөлөрүндөгү жарандык согуштан качып Түркияга келген сириялыктардын «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциялары менен террордук уюмдардан тазаланган аймактарга кайтышы улантылууда.

Түркиянын түрдүү облустарында жашаган, араларында аялдар менен балдар болгон бир группа сириялык «Ыктыярдуу кайра кайтуу программасынын» негизинде Өнжүпынар коноктоочу комплексинде миграцияны башкаруу директорлугунун бюросундагы текшерүүдөн өткөрүлдү.

Сириялыктар Килис облусунун Өнжүпынар капкасынан «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциялары менен террордук уюмдар ЙПГ/ПКК жана ДЕАШтан тазаланган аймактарга барышты.

Сириялык Эймен Хамза Анадолу агенттигине берген маалыматында төрт жыл мурда өлкөсүнөн чыгып Түркияга келгендигин айтты. Түркияда жардам берилгендигин айткан Хамза : «Түрк жетекчилери менен элине чоң рахмат. Бизге чоң жардам беришти. Эми үйүбүзгө кайтуунун убактысы келди»,- деди.

Акыркы бир айда үч миң сириялык өлкөсүнө кайтты. «Ыктыярдуу кайра кайтуу программасынын» негизинде 2015 -  жылдан бери 350 миңге жакын сириялык өлкөсүнө кайтып кетти.



Тектеш кабарлар