Тышкы иштер министри : "Кипр тууралуу кызыл сызыктарыбыз бар"

Чавушоглу Кипр маселеси тууралуу Түркиянын тандалган эч бир жолду четке какпагандыгын жана башка жолдордун да каралышы керектигин мындан мурда да айткандыгын билдирди.

1266804
Тышкы иштер министри : "Кипр тууралуу кызыл сызыктарыбыз бар"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кипр тууралуу Түркия менен Кипр түрктөрүнүн кызыл сызыгынын бар экендигин айтты.

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Черногориянын тышкы иштер министри Срджан Дарманович менен эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөргөндөн кийин тышкы иштер министрлигинин расмий турак жайында биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү.

Чавушоглу Кипр маселеси тууралуу Түркиянын тандалган эч бир жолду четке какпагандыгын жана башка жолдордун да каралышы керектигин мындан мурда да айткандыгын билдирди.

Жыйынтык чыга турган сүйлөшүүгө баруу жана сүйлөшүүнүн алкактык документинин так болушу керектигин баса белгилеген Чавушоглу : «Биз жана Кипр түркү үчүн баш тартылгыс болгон кызыл сызыктар бар. Булардын эң негизги элементи саясий теңдиктер, активдүү катышуу жана кезектешкен президенттик. Булар мурунтадан так түрдө белгиленип талкуунун тышына чыгарылышы керек»,- деди.

Министр Чавушоглу Түркиянын ар дайым чечүүчү жолду колдогондугун баса белгилеп : «Мындан кийинки сүйлөшүү жыйынтык чыга турган жана так бир алкак менен өтүшү керек. Дагы бир ийгиликсиздикке Түркия да Кипр тарабы да чыдабайт. Жөн гана сөз болсун деп сүйлөшүүнү баштоонун мааниси жок деп ойлойм»,- деди.



Тектеш кабарлар