Түрк аба жолу беш жылдыздуу глобалдык аба жолу болуп тандалды
Түрк аба жолу APEX тарабынан «2020 – жылдын беш жылдыздуу глобалдык аба жолу» болуп тандалды.
Түрк аба жолу дүйнөнүн эң ишенимдүү жана кадыр – барктуу авиацияларынын бири катары кабыл алынган Аба жолдорунун жүргүнчү тажрыйбалары коому APEX тарабынан «2020 – жылдын беш жылдыздуу глобалдык аба жолу» болуп тандалды.
9 - сентябрда Глобалдык саякат адистри APEX расмий аба жолу баа берүүсү билдирилген APEX-IFSA сыйлыктары үчүн АКШнын Лос Анжелес шаарындагы конгресс борборунда жолугушту.
Жүргүнчүлөр бул баа берүүдө 2018 - жылдын июнь жана 2019 - жылдын июль айларынын арасында дүйнөлүк машстабда 600гө жакын аба жолу фирмасынын бир миллиондон ашуун каттамына баа берип, 2020 – жылдын жылдыздарын тандады.
Аба жолу фирмалары мыкты орундук, кабина тейлөөсү, тамак - аш жана суусундук, Wi-Fi категорияларында беш жылдыз менен баа берди. Баа берүүнүн акырында түрк аба жолдору бири биринин артынан үчүнчү жолу беш жылдыз менен сыйланды.