Хаккариде бир аскер шейит болду

Улуттук коргоо министрлиги көңүл айтты.

1265723
Хаккариде бир аскер шейит болду

Хаккаринин Чукуржа аймагында жикчил террордук уюм ПККлык террористтер тарабынан мурда жайгаштырылган колго жасалган жарылуучу заттын жарылып кетишинен бир аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Чукуржада колго жасалган жарылуучу заттын жарылып кетишинен оор жаракат алып ооруканага жеткирилген аскердин баардык аракеттерге карабастан куткарыла албагандыгы белгиленди.

Аймакта операциялар уланып жаткандыгы маалымдалган  билдирүүдө: «Бизди терең кайгыга салган бул окуяда каза тапкан шейитибиздин жаткан жери жайлуу болушун тилеп анын үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрү менен улутубузга көңүл айтабыз жана сабырдуулук тилейбиз»,-делди.



Тектеш кабарлар