Сириядагы коопсуз аймак бүткөрүлгөндө эң аз 1 миллион киши жайгашат

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Эскишехирдеги облустук уюмунда сөз сүйлөдү.

1265405
Сириядагы коопсуз аймак бүткөрүлгөндө эң аз 1 миллион киши жайгашат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириядагы коопсуз аймак курулуп бүткөндө эң аз 1 миллион кишинин жайгашуусун камсыздай тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Эскишехирдеги облустук уюмунда сүйлөгөн сөзүндө, Сирияда Түркияга карай салынган тузактардын бир азын бузгандарын белгилеп, «Эми күн тартибибизде Евфраттын чыгыш жагы бар. Аны да буюрса бир канча аптанын ичинде тигиндей же мындай түрдө бирок сөзсүз жолуна койгон болобуз»,-деп айтты.

Сентябрь айынын 21-22нен кийин АКШга барып, БУУнун Башкы ассамблеясына катыша турганын билдирген Эрдоган, бул жерде АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуусу боло турганын жана Евфраттын чыгыш жагында кандай кадамдар таштала турганын сүйлөшө тургандарын айтты.

Идлибде болуп жаткан маселелерди Түркиянын өзү жалгыз милдеттенбей турганын Европа жана дүйнөгө ачык түрдө жарыя кылгандарын түшүндүргөн Эрдоган: «Ушул убакка дейре 40 миллиард доллар сыяктуу санды каржыладык. ЕБнен Чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгына (AFAD) келген колдоо 3 миллиард евро. Түркия 4 миллион качкындын жүгүн кантип көтөрөт. Кечирип коюшсун бул жерде болсо болду, болбосо каалгаларды ачкандан башка чарабыз жок. Жалаң биз ойлонобузбу бир аз да алар ойлонушсун. Сириялыктардан 350 миңин биз коопсуз аймак абалына айландырган жерлерге жайгаштырдык. Келгиле буларды чогуу жасайлы дедик. Иш бул жерге келгенде үн жок. Биз бул кадамды таштоого мажбурбуз. Коопсуз аймак иштерибизди бүткөргөндө эң аз 1 миллион кишини ал жерлерге жайгаштырууну камсыздайбыз»,-деди.

Диярбакырда жикчил террор уюму ПКК уурдап кеткен жаштардын энелеринин отуруу акциясына да токтолгон Эрдоган: «Диярбакырда энелер балдарын жикчил террор уюмунун колунан куткарып алыш үчүн дастандай күрөш жүргүзүүдө»,-деди.

Эрдоган, Түркияны аймактын жана дүйнөнүн эң маанилүү долбоорлоо, өндүрүү жана соода борборлорунан бирине айлантууга ар дайым болгондон дагы жакын экендиктерин айтты.



Тектеш кабарлар