Эрдоган: «2020-жылдагы өсүү планыбыз 5 пайыз»

Эрдоган, Сиваста Борбордук Анадолу форумунда сөз сүйлөдү.

1264007
Эрдоган: «2020-жылдагы өсүү планыбыз 5 пайыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2020-жылы өсүү көрсөткүчүн 5 пайыз деп пландай тургандарын айтты.

Эрдоган, Сиваста Борбордук Анадолу форумунда сөз сүйлөдү.

Сөз сүйлөөсүндө экспорттун көлөмү 36 миллиард доллардан 170 миллиард долларга жеткендигин эске салган президент Эрдоган: «Өлкөбүздү 2023-жылы дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынын бири кылуу үчүн так кадамдар менен илгерилеп бара жатабыз»,-деди.

Туризм тармагында да туристтердин агымы көбөйгөндүгүн айткан Эрдоган, быйыл 52 миллион туристтин келээрин жана бул сандын Республика тарыхындагы эң жогорку сан экенин билдирди.

Эрдоган Түркиянын экономикасы динамикалуу рыноктук түзүлүшү жана глобалдык системага интеграция күчү менен алдыдагы мезгилдин эң өнүккөн экономикасына айлангандыгын баса белгиледи.

Ишкерлер менен бирге жаңы рынокторду табуу, жаңы кырым-катнаштарды куруу үчүн дүйнөнүн төрт тарабын кыдыргандарын, түрк демилгечилерине жана Түркияга келген чет элдик инвесторлорго да ар түрдүү колдоону көрсөткөндөрүн түшүндүргөн Эрдоган: «Буюрса экономикабыздын калыбына келүү процесси 2019-жылы аяктайт, келээрки жылдан тарта токтогон жерден өсүү кадамдарыбызды баштайбыз»,-деп айтты.

Түркиянын бир эле учурда Сирия жана Иракта жүргүзүп жаткан операциялардын негизинде чек аралардын коопсуздугун сактаганын баса белгилеген Эрдоган, Чыгыш Жер Ортолук деңизде өлкөнүн укуктарын коргоо үчүн күчтүү мамиле көрсөткөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар