Памуккалеге жайкы сезондо 1 миллион турист келди

Памуккале төрт мезгилде тең туристтерди өзүнө тартып турат.

1263654
Памуккалеге жайкы сезондо 1 миллион турист келди

БУУнун билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган Түркиянын негизги туристтик жерлеринин бири болгон Памуккалени июнь-август мезгилинде орто эсеп менен 1 миллион 100 миң жергиликтүү жана чет элдик турист зыярат кылды.

Травертиндери, арашан суусу жана байыркы шаарлары менен төрт мезгилде тең туристтерди өзүнө тарткан Памуккале жайкы сезонду жакшы өткөрдү.

Дүйнөнүн төрт тарабынан келген чет өлкөлүктөргө жергиликтүү туристтер да кошулганда кудум баса турчу жер калбай калды.

2017-жылы 1 миллион 524 миң кишини тосуп алган Памуккалени 2018-жылы 2 миллион 128 миң жергиликтүү жана чет өлкөлүк турист кыдырды.

Памуккалеге быйылкы жылдын июнь-август мезгилинде болсо орто эсеп менен 1 миллион 100 миң турист келди.

Жылдын башынан бери аймакты кыдырган туристтердин саны 1 миллион 800 миңге жетти.

 

 

 



Тектеш кабарлар