Улуу Жеңиштин 97 жылдыгы белгиленүүдө
Жеңиш майрамы кубанычтуу майрамдалып жатат.
30-Август Жеңиш майрамы жана Түрк куралдуу күчтөрү күнүнүн 97 жылдыгы өлкөдө, Түндүк Кипр Түрк Республикасында жана тышкы өкүлчүлүктөрдө аземдер менен белгиленүүдө.
Президент Режеп Таййип Эрдоган 30-Август Жеңиш майрамынан улам Аныткабирди зыярат кылат. Ошондой эле Президенттиктин комплексинде куттуктоолорду кабыл алат жана сый кечеге катышат.
Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп да Аныткабирди зыярат кылып, Президенттиктин комплексинде өтө турган 30-Август куттуктоо программасы менен сый кечеге катышат.
Республикачыл Элдик партиясынын башкы жетекчиси Кемал Кылычдароглу да Аныткабирде өтө турган расмий аземге катышат.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.