Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел-3" операциясында 3 аскерибиз шейит болду

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында Ирактын түндүгүндө чыккан кагылышууда 3 аскердин шейит болгону 7 аскердик жаракат алганы билдирилди.

1258091
Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел-3" операциясында 3 аскерибиз шейит болду

Ирактын түндүгүндө уланган «Чеңгел-3» кыймылында жикчил террордук уюм ПККнын мүчөлөрү менен чыккан кагылышууда 3 аскер шейит болду, 7 аскер жаракат алды.

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында Ирактын түндүгүндө чыккан кагылышууда 3 аскердин шейит болгону 7 аскердик жаракат алганы билдирилди.

Жаралуу аскерлердин ооруканага өткөрүлгөнү белгиленген жарыяда, аймактагы операциялар уланганы белгиленди.

Жарыяда: «Бизди терең кайгы жана капага салган бул окуяда каза болгон азиз шейиттерибиздин жаткан жерлери жайлуу болсун. Капалуу үй-бүлөлөрүнө, Түрк куралдуу күчтөрү менен улуу Түрк улутуна кайрат айтабыз, жаралуу аскерлерибиздин тез сакайып кетишин тилейбиз»,делди.



Тектеш кабарлар