Түркиянын тууган Судан жана Судан калкына колдоо көрсөтүүсүнүн улам артып уланат

Министр Чавушоглу, Убактылуу жарандык башкаруу тартибин камтыган Конституциялык билдирүүгө кол коюу аземи үчүн барган Судандын борбор шаары Хартумда медиа мүчөлөрүнө маалымат берди.

1254192
Түркиянын тууган Судан жана Судан калкына колдоо көрсөтүүсүнүн улам артып уланат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын тууган Судан жана Судан калкына колдоо көрсөтүүсүнүн улам артып уланганын айтты.

Министр Чавушоглу, Убактылуу жарандык башкаруу тартибин камтыган Конституциялык билдирүүгө кол коюу аземи үчүн барган Судандын борбор шаары Хартумда медиа мүчөлөрүнө маалымат берди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен бул аземге катышканын түшүндүргөн Чавушоглу, Түркиянын башынан бери Судандын жана Судан калкынын тынчтык жана ырааттуулугун колдогонун баса белгиледи.

Судандагы жолугушууларынын алкагында президент Эрдогандын билдирүүсүн Судандын Аскердик өткөөл кеңешинин (АӨК) төрагасы, армия генералы Абдулфеттах эл-Бурханга жана Судандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучусу Өмер Дехеб Фадл Мухаммедге жеткиргенин айткан Чавушоглу: «Ички иштерине кийлигишүү болбостон бул процессте тез арада макулдашуунун камсыздалышы керектигин да ар дайым туугандарыбызга билдирип келдик. Натыйжада макулдашуу түзүлдү, 39 айлык өткөөл башкаруучулугу болот. 39 айдан кийин өлкөдө шайлоо болот. Буюрса тынчтык жана ынтымак туруктуу болот»,-деди.

Чавушоглу Суданга жасаган сапарында эки тараптуу карым-катнаштар да каралганын белгилеп, «Өзгөчө бул жерге жасаган жардамдар, билим берүү тууралуу темалар, террор менен күрөшүүдө кызматташтыгыбыз сыяктуу эки тараптуу темаларды, Ливия сыяктуу аймактык темаларды да карап чыктык»,-деп айтты.

Европа Биримдигинин кезектешкен төрагалыгын милдеттенген Финляндиянын жаңы тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен жолукканын эске салган Чавушоглу, кесиптеши менен эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Түркия-ЕБ карым-катнаштары жана Кипр темалары сыяктуу актуалдуу беренелерди да карап чыккандарын айтты.

Сапарынын алкагында Чаддын президенти Идрис Дебиге жолугуп президент Эрдогандын саламдарын айтканын билдирген Чавушоглу, Деби менен эки тараптуу жана аймактык темаларды карап чыккандарын маалымдады.

 



Тектеш кабарлар