Хаккариде 6 террорист жок кылынды

Шемдинли районунун элет жерине Жандармерия командирлигинин атайын кыймыл жана десанттык бөлүктөрү тарабынан абадан коштолгон операция жүргүзүлдү.

1253980
Хаккариде 6 террорист жок кылынды

Хаккаринин Шемдинли районунун элет жерине Жандармериянын бөлүктөрү жүргүзгөн операцияда жикчил террордук уюм ПККга мүчө 6 террорист жок кылынды.

Шемдинли районунун элет жеринде Областтык Жандармерия командирлигинин атайын кыймыл жана десанттык бөлүктөрү тарабынан абадан коштолгон операция жүргүзүлдү.

Операцияда куралчан 6 террорист жок кылынды.

Террордук уюм ПККнын жалган Авашин Басян Чарчела тобунун мүчөлөрү болгону белгиленген террористтердин акыркы бир жылдын ичинде Давулжу Тепе база аймагына снаряд атуу жана үгүттөөчү кыймылдар, Йүксекова районунун Йешилдере аймагында коопсуздук күзөт пунктуна кол салуу, Даглыжа-Йүксекованын ортосундагы жолдо аскердик конвойго кол салуу менен катар 2019-жылдын 16-августунда Дүз Тепе база аймагына снаряд атуу кыймылдарына катышканы белгилүү болду.


Этикеткалар: #Шемдинли районунда

Тектеш кабарлар