Түркиянын Коопсуз аймак жөнүндөгү көз карашы өзгөргөн жок

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер барагынан АКШнын Европа күчтөрү командиринин орун басары генерал-полковник Стивен Твиттинин Коопсуз аймактын алкагындагы сапары тууралуу маалымат берилди.

1253346
Түркиянын Коопсуз аймак жөнүндөгү көз карашы өзгөргөн жок
milli savunma bakanligi.jpg

АКШнын Европа күчтөрү командиринин орун басары генерал-полковник Стивен Твитти, Коопсуз аймакка карай Биргелешкен кыймыл борборунун иштеринин алкагында Шанлыурфада иликтөөлөрдү жасады.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер барагынан генерал-полковник Твиттинин Коопсуз аймактын алкагындагы сапары тууралуу маалымат берилди.

Анда, АКШ менен координациялуу түрдө Сириянын түндүгүндө түзүлүүсү пландалган Коопсуз аймактын алкагында АКШнын Европа күчтөрү командиринин орун басары генерал-полковник Стивен Твиттинин Башкы штабдагы жолугушууларынан кийин Шанлыурфада иликтөөлөрдү жүргүзгөнү маалымдалды.

Генерал-полковник Стивен Твиттинин бүгүн Башкы штаб төрагалыгындагы жолугушууларын уланта турганы жана Түркиядан чыгып кете турганы белгиленди.

Бир тараптан Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында Коопсуз аймак тууралуу Түркиянын мындан мурда жарыяланган көз караштарында кандайдыр бир өзгөрүү болбогону билдирилди.

Жарыяда Коопсуз аймакка карай акыркы убактарда айрым ММКларда чыккан Түрк жана АКШлык жооптуу кызматкерлерге таяндырылганы айтылган кабар жана сереп салуулардын чындык менен коошпогону белгиленди.

Анда, «Коопсуз аймакка карай АКШ менен координациялуу түрдө жүргүзүлгөн иш-аракеттер Улуттук коргоо министрлиги тарабынан орду жана убагы келгенде коомдук пикирге жарыяланууда. Ушул алкакта Түркиянын мындан мурда жарыяланган жана дагы деле жарактуулугун жоготпогон көз караштарында кандайдыр бир өзгөрүү болгон жок»,делди.



Тектеш кабарлар