Ирактын түндүгүндө 5 террорист жок кылынды
27- майда башталган «Чеңгел» операциясы менен бир убакта Ирактын түндүгүндөгү Авашин аймагына операция жүргүзүлдү.
Түрк куралдуу күчтөрү ТСК тарабынан Ирактын түндүгүндө ПКК жикчил террордук уюмга карата жүргүзүлгөн аба операциясында 3 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин твиттерден берген маалыматына караганда 27- майда башталган «Чеңгел» операциясы менен бир убакта Ирактын түндүгүндөгү Авашин аймагына операция жүргүзүлдү.
Операцияда ПКК тарабынан курал буктурмасы, баш калкалоочу жер катары колдонулган буталар атылып, 3 террорист жок кылынды.
Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагынан өлкөгө кирүүгө аракет кылган ПКК мүчөсү 2 террорист чек арадагы бөлүктөр тарабынан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.