Чавушоглу орусиялык жана филиппиндик кесиптештери менен жолукту

Таиландда ASEANдын жыйыны уланып жатат.

1244708
Чавушоглу орусиялык жана филиппиндик кесиптештери менен жолукту

 

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (ASEAN)жыйынына катышуу үчүн барган Таиландда орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту. 

Чавушоглу Филиппиндин тышкы иштер министри Теодоро Локсин менен да жолуккан болчу.

Министр Чавушоглу Твиттерден берген маалыматында: «ASEAN жыйналышында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү Филиппиндин тышкы иштер министри Теодоро Локсин менен жолугуп баштадык. Түркия-Филиппин дипломатиялык карым-катнаштардын 70 жылдыгында соода көлөмүбүздү жана коргоо өнөр жайы кызматташтыгыбызды арттырууну каалайбыз. Филиппиндин тынчтык процессине салым кошууну улантабыз»,-деген эле.

Таиланддын баш калаасы Бангкокто 27-июлда башталган ASEAN тышкы иштер министрлеринин 52-жыйыны 3-августта аяктайт.



Тектеш кабарлар