Чанкырыдан Борис Жонсонго чакыруу
Түркияда Чанкыры Каратекин университетинин ректору профессор доктор Хасан Айранжы Британиянын премьер - министри Борис Жонсонго кат жиберди.
Түркияда Чанкыры Каратекин университетинин ректору профессор доктор Хасан Айранжы Британиянын премьер - министри Борис Жонсонго кат жазып университеттин академиялык жылынын ачылуу аземине чакырды.
Айранжы катында Чанкыры маданиятында орун алган «йаран» деген сөздүн маанисин белгилеп достук жана бир туугандык дегенди билдиргендигин баса белгилеген.
Катта «йарандын» Анадолу маданиятынын пай дубалы экендигин айткан профессор доктор Айранжы
капитал күчү адамдарды, маданияттарды жана айырмачылыктарды жок кылган доордо мурунку салттардын жана адам болуу өзгөчөлүгүнүн сакталышын талап кылды.
Күчсүз коомдордун коргоого алынышы үчүн Жонсондон Түркияга колдоо беришин суранган Айранжы катында түрк университеттеринин жана өзгөчө Чанкыры Каратекин университетинин мугалимдеринин, эмгектеринин, булак болгон эмгектердин Бириккен Королдуктун илимий эмгектери менен жакындан байланышта экендигин, эки өлкөнүн ортосундагы академиялык жана маданий карым - катнаштарга маани беришкендерин айтты. Өзгөчө Жонсондун жаңы кызматынын Түркия - Бириккен Королдук карым - катнаштарынын өнүгүшүнө жана жаңы академиялык кызматташууларга өбөлгө болушун да каалады.
Премье - министр Борис Жонсонго Чанкырыга таандык кээ бир белектерди да жиберген Хасан Айранжы Жонсонду университеттин академиялык жылынын ачылуу аземине катышууга жана бул жерден мусулман өлкөлөргө кайрылууга чакыры.
Аталары Чанкырыда жашаган, Осмон империясынын акыркы ички иштер министри Али Кемалдын небереси Стенли Жонсондун уулу болгондуктан Борис Жонсон Түркияда «Осмондуктун небереси» деп да таанылууда.