Стамбулда жалпы 1 миллион 69 миң качкын каттоодон өткөн

Сулейман Сойлу, баш калкалоочулар саясатына байланыштуу маалымат берди.

1241690
Стамбулда жалпы 1 миллион 69 миң качкын каттоодон өткөн

 

Ички иштер министри Сулейман Сойлу, Стамбулда каттоодон өтпөгөн сириялыктардын катталган шаарларга жибериле турганын айтты.

Менчик телеканалга конок болгон Сойлу, баш калкалоочулар саясатына байланыштуу маалымат берди.

Ички иштер министри, быйыл 163 миң качкынды кармагандарын жана булардын 43 миңинин өз өлкөлөрүнө жөнөтүлгөндүгүн билдирди.

Качкындардын артка кайтарылышына байланыштуу Стамбулда ушул учурга чейин 6 миң 122 кишинин кармалгандыгын белгилеген Сойлу, булардын 2 миң 691нин ооган, 1 миң 619нун пакистандык, миң чактысынын да сириялык экенин айтты.

Стамбулда 547 миңи сириялыктан турган жалпы 1 миллион 69 миң качкындын каттоодон өткөндүгүн жана сириялыктардын убактылуу коргоо келишиминин алкагында жүргөндөрүн маалымдаган Сойлу, булардын өлкөдөн чыгарылбай тургандарын баса белгиледи.

Убактылуу коргоонун алкагындагы сириялыктардын каттоодон өтпөсө лагерлерге, өткөн болсо катталган жерлерге жибериле турганын белгилеген Сулейман Сойлу, ушул учурда лагерлерде 100 миң кишинин калганын билдирди.



Тектеш кабарлар