Грециянын премьер-министри Эрдоганга кат жөнөттү

Кириакос Мицотакис, өкмөт программасы сүйлөшүлө турган Парламенттин жалпы жыйынында сөз сүйлөдү.

1239502
Грециянын премьер-министри Эрдоганга кат жөнөттү

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис, Түркия менен карым-катнаштарга карай тайманбас кадамдарды таштай турган биргелешкен мамиле үчүн президент Режеп Таййип Эрдоганга чакырык салды.

Кириакос Мицотакис, өкмөт программасы сүйлөшүлө турган Парламенттин жалпы жыйынында сөз сүйлөдү.

Ызалуу реторикадан алыс туруп эл аралык укук жана достук кызматташтыгы багытында илгерилөөнү каалагандарын белгилеген Мицотакис: «Тайманбас кадамдарды таштай турган биргелешкен мамиле үчүн президент Режеп Таййип Эрдоганга чакырык салуудамын»,-деп айтты.

Мицотакис: «Бул аймакта чогуу жашап жатабыз. Керексиз чыңкалуулар жана куралдануу жарыштары эки өлкөнү тең баалуу булактарынан кем калтырууда.Булар өлкөлөрүбүздүн пайдасы үчүн колдонула алат»,-деп айтты.

Өлкөдө 7-июлда мөөнөтүнөн мурда  болгон жалпы шайлоолордо Жаңы Демократия (ND) паритиясы өзү жалгыз бийликке келип Мицотакис премьер-министрлик орундугуна олтурду.

Шаршемби күнү жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземи менен ачылган Парламентте, өкмөт программасынын талкууланышынан кийин өкмөттүн ишеним добушун алышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар