Европа Биримдигинин санкция чечимине каршы биргелешкен билдирүү жарыяланды

Евробиримдиктин чечимине Түркия Улуу Улуттук Жыйыны каршылык көрсөттү.

1239057
Европа Биримдигинин санкция чечимине каршы биргелешкен билдирүү жарыяланды

 

Чыгыш Жер Ортолук деңизге байланыштуу Европа Биримдигинин санкция чечимине Түркия Улуу Улуттук Жыйынынан каршылык көрсөтүлдү.

Биргелешкен билдирүүдө: «Кипр түркүнүн жана Түркия Республикасынын укук жана кызыкчылыктарынын көрмөксөнгө салынышын айыптайбыз»,-делди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Республикалык элдик партиясы, Улуттук кыймыл партиясы жана Жакшы партия кол койгон биргелешкен билдирүүнү фракция эл өкүлдөрү окуду.

Анда Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Чыгыш Жер Ортолук деңизде мунай зат издөөсүнүн эң табигый укугу экени баса белгиленди.

Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын, эч бир кысымга моюн сунбастан эл аралык мыйзамдарга ылайык өз укуктарын коргоого күчү жете тургандыгы белгиленди.

Санкциялардын мыйзамдарга туура келбегендиги жана кабыл алынгыс экени белгиленген биргелешкен билдирүүдө, Европа Биримдигине адилеттүү жана тарапсыз мамиле кылуу чакырыгы салынды.

Түркиянын Чыгыш Жер ортолук деңиздеги издөө иштерине колдоо көрсөтүлгөндүгү баса белгиленди.



Тектеш кабарлар