15-Июль окуясына үч жыл болду

ФЕТӨнүн төңкөрүш аракети Түркия Республикасынын тарыхында кара так катары калды.

1235928
15-Июль окуясына үч жыл болду
15 Temmuz_İstanbul.jpg
15 Temmuz Kahramanlık Destanı 9.jpg
15 temmuz, tank.JPG
15 temmuz.jpg
15 temmuz askeri darbe girişimi.jpg

 

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) чыккынчылык төңкөрүш аракетине үч жыл болду.

Демократиялык башкарууну жоюуну максаттаган жана бул кыймылын 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинде 251 кишини шейит, 2 миң 194 кишини да майып кылып ишке ашырууну каалаган ФЕТӨнүн планында окуялардын борбору баш калаа Анкара болду.

Түрк куралдуу күчтөрүнө тымызын аралашкан ФЕТӨнүн мүчөлөрү жана бул уюмдун аракеттерин колдогон 8 миңден ашуун аскердик кызматкердин согуштук учактар менен катар 35 учак, 3 кеме, 37 тик учар, 74ү танка жалпы 246 брондолгон унаа жана 4 миңге жакын жеңил курал колдонулган төңкөрүш аракети, Түркия Республикасынын тарыхында кара так катары калды.

Аракеттин башкаруу борбору «Акынжы» базасы да жайгашкан баш калаада 2016-жылдын 15-июлунда кандуу түн болду.

Окуя болгон күнү Президенттиктин баш катчысы болгон Фахри Касырга менен башкы штабдын төрагалыгын жүргүзгөн армия генералы Хулуси Акар да арасында болгон көп сандаган командир козголоңчулар тарабынан барымтага алынды.

Шаардын асманында жерге жакын учкан согуштук учактар Түркия Улуттук Улуу Парламенти, Президенттиктин комплекси, Коопсуздук директорлугу, Улуттук чалгындоо уюму жана ТҮРКСАТтын имараттарын бомбалашты.

Шаардын ар кайсы жерлериндеги аскердик бөлүктөрдөгү танка жана брондолгон унаалар да казарманын тышына чыкты.

Стамбулда болсо стратегиялык аймактарды бутага алган козголоңчулар, алгач шаардын эки тарабын байланыштырган Босфор жана «Фатих Султан Мехмет» көпүрөлөрүн саат 22.00лерде бир жактуу түрдө транспортко жабышты. Көпүрөнүн үстүнө чогулган элге ок атылды.

«Кулели» аскердик лицейде болсо сигнал берилди жана аскердик жүк ташуучу унаалар Босфор көпүрөсү, «Фатих Султан Мехмет» көпүрөсү жана Кандилли-Бейкоз багытына бет алды. Окуу жайдын алдында бараткан айрым адамдар да тосулду.

Бир канча козголоңчудан турган топ Стамбулдун Губернаторлук имаратына кирип барса, башка топ да «Ататүрк» аэропортун басып алууну каалады.

Учууларды көзөмөлдөгөн борборду колго алган козголоңчулар, баардык каттамдарды токтотушту. F-16 согуштук учактар менен аэропорттун үстүнөн жерге жакын учуп, жүргүнчү учактарынын конуп-учуусуна бөгөт болушту.

Адамдар бул аскердик кыймылдуулукту түшүнбөй турганда ал мезгилдин премьер-министри Бинали Йылдырым саат 23.02де телеканал аркылуу байланышып, төңкөрүш аракети болушу мүмкүн экенин айтты. Йылдырым: «Бул мыйзамсыз кыймылга аралашкандар эң оор түрдө жазаландырылат»,-деди.

Козголоңчуларды ташыган тик учарлар Улуттук чалгындоо уюмунун имаратын аткылап жатканда Түркия радио-телеберүү мекемесине кирип барган козголоңчулар саат 00.13тө түз эфирде алып баруучуну коркутуп төңкөрүш билдирүүсүн окутушту.

Президент Режеп Таййип Эрдоган саат 00.24тө CNN Түрк каналына байланышты. Видеолуу телефон чалып байланышкан Эрдоган: «Бул окуя чындап эле Түрк куралдуу күчтөрүбүздүн ичиндеги азчылыктын тилекке каршы төңкөрүш аракети болуп саналат»,-деди.

Элди козголоңчуларга каршы туруу үчүн аянттарга чакырган Эрдогандын бул чакырыгына жооп келди.

Баш калаа Анкара жана Стамбул менен катар Түркиянын төрт тарабында демократияны сактап калуу үчүн аянттарга чыккан жарандар, өз жандарын аябай танкалардын үстүнө чыгышты, окко көкүрөгүн тосушту жана чыккынчылык төңкөрүш аракетине бөгөт болушту.

Эртеси күнү түшкү маалга чейин уланган окуяларда жарандар тайманбастан каршы турушту.

Төңкөрүш аракетинин ийгиликсиз болоорун түшүнгөн аскерлер, эртең мененки убактарда Башкы штабдын имаратынан чыгып полицияга багынып беришти. Көп өтпөй атайын кыймыл полиция кызматкерлери да Башкы штабдын казармасына киришти.

Премьер-министр Йылдырым эртеси күнү саат 12.57де Чанкая сарайындагы билдирүүсүндө, төңкөрүш аракетинин токтотулгандыгын расмий жарыялады.

Төңкөрүш аракетине каршы өлкөнүн төрт тарабында түрк улуту тарабынан көрсөтүлгөн тайманбастык жана эрктүүлүк «демократиянын жеңиши, улуттун улуу дастаны» катары тарыхта калды.

 



Тектеш кабарлар