"Эсенбога" аэропорту алты айда 7 миллион жүргүнчүнү тейледи

Июнь айында аэропортко ички каттамдарда конуп  - учкан учак саны 6 миң 475, тышкы каттамдага учкан учак саны 1772 болуп жалпы учак саны 8 миң 247ге жетти.

1234219
"Эсенбога" аэропорту алты айда  7 миллион жүргүнчүнү тейледи

 Борбор шаар Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда өткөн айда 1 миллион 180 миң, алты айда болсо 7 миллионго жакын жүргүнчү тейленди.

Мамлекеттик аба майдандарын иштетүү боюнча башкы директорлуктун 2019 -  жыл июнь айында аэропорт статистикаларына караганда Анкара "Эсенбога" аэропортунда  июнь айында ички каттамдардын жүргүнчү саны 209 миң 272, жалпы жүргүнчү саны 1 миллион 180 миң 271 болду.

Июнь айында аэропортко ички каттамдарда конуп  - учкан учак саны 6 миң 475, тышкы каттамдага учкан учак саны 1772 болуп жалпы учак саны 8 миң 247ге жетти.

Аэропорт жүк ташууда болсо июнь айында жалпы 10 миң 941 тонна болуп ишке ашты.

Анкара "Эсенбога" аэропортунда июнь айынын акырынан баштап тейленген жүргүнчү саны 6 миллион 968 миң 412ге, учак саны 50 миң 780ге жетти. Жүк ташуу 55 миң 763 тонна болду.



Тектеш кабарлар