Ибрахим Калын Орусиянын Сирия атайын өкүлү Александр Лаврентьев менен жолугушту

Жолугушуу президенттик комплексте өттү.

1233860
Ибрахим Калын Орусиянын Сирия атайын өкүлү Александр Лаврентьев менен жолугушту

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Орусия федерациясынын Сирия атайын өкүлү Александр Лаврентьев менен жолугушту.

Кечээ президенттик комплексте өткөн жолугушууда Сирия тууралуу акыркы абалдар каралды.

Түркиянын улуттук коопсуздугунун алдыңкылыктары ачык түрдө баса белгиленген жолугушууда Идлиб макулдашуусунун сакталышы, конституциялык комиссиясынын курулушу жана жарыяланышы, жалпы Сирияда террор менен күрөш, коопсуз аймак, ДЕАШ, ПКК/ЙПГ/ПЙД жана башка бардык террорго каршы күрөш, Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн алкагында саясий чечүүчү жолду табуу жана Сириянын кайрадан курулушуна карата темалар күн тартибине келди.

Жакынкы учурда өткөрүлүшү пландалган Сирия тууралуу үч тараптуу саммит(Түркия, Орусия, Иран) жана андан кийин боло турган төрттүк саммиттин (Түркия, Орусия, Франция, Германия) күн тартиби жана күнү да каралды.

Жолугушууда Сирия тууралуу эки өлкөнүн кызматташтыгынын ишенимдүү жана тактык принцибинин негизинде жүргүзүлүшүнүн маанисине басым жасалып, Түркия республикасы жана Орусия федерациясынын лидерлеринин Сирия тууралу байланыштарынын улантылары баса белгиленди.



Тектеш кабарлар