Эрдоган Грециянын жаңы шайланган премьер-министрин куттуктады

Президент Эрдоган, Мицотакис менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1231916
Эрдоган Грециянын жаңы шайланган премьер-министрин куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Грециянын жаңы премьер-министри болуп шайланган Кириакос Мицотакисти куттуктады.

Президент Эрдоган, Мицотакис менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Эрдоган сүйлөшүүдө Кириакос Мицотакисти куттуктап, жыйынтыктардын Түркия-Греция карым-катнаштары жана аймак үчүн пайдалуу болушун каалады.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да, Твиттер барагынан берген маалыматында Грециядагы парламенттик шайлоонун жеңүүчүсү центрист оңчул Жаңы демократия (ND) партияснын лидери Кириакос Мицотакисти куттуктады.

Чавушоглу: «Жаңы демократиянын лидери Кириакос Мицотакисти шайлоолордогу ийгилигинен улам чын жүрөктөн куттуктаймын. Анын лидерлигинде Түрк-Грек элдеринин арасындагы достуктун жана эки тараптуу карым-катнаштардын күчтөнө турганына ишенемин»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар