Кападокиянын шар фестивалы

«Эл аралык Кападокия шар фестивалында» түрдүү фигуралардагы ысык аба шарлары пери морулары жана табигый аскалардын арасында учту.

1230913
Кападокиянын шар фестивалы
kapadokya balon festivali5.jpg
kapadokya balon festivali4.jpg
kapadokya balon festivali3.jpg
kapadokya balon festivali2.jpg
kapadokya balon festivali1.jpg

Түркиянын негизги туризм борборлорунан Кападокияда уюштурулган «Эл аралык Кападокия шар фестивалында» түрдүү фигуралардагы ысык аба шарлары пери морулары жана табигый аскалардын арасында учту.

Невшехирде Үргүп муниципалитетинин жетекчилигинде уюштурулган фестивалдын экинчи күнүндө пери морулары көп болгон Пашбагы аймагына алып барылган шарлар түрдүү түстүү көрүнүштөрдү пайда кылды.

Жергиликтүү жана чет элдик туристтер абдан кызыккан фестивалда чычкан, ары, робот, уй жана ушуга окшогон фигуралардагы ысык аба шарлары бири биринин артынан көк жүзүнө чыкты.

45 минутага жакын Кападокия асманында учкан шарлар андан кийин Гөреме жакындарына конду. Фестивалга катышкан бельгиялык шар учкучу Герт Ван Вольверлир аймактагы бир фирмада иштегендигин, фестивалдан улам өлкөсүндөгү шарын алып келип  фестивалга катышкандыгын айтты.

Фестивалдын Кападокиянын кооздугуна кооздук кошкондугун айткан Вольверлир келерки жылдарда да ушуга окшогон фестивалдын туризм үчүн пайдалуу болоруна ишенгендигин айтты.

Түрдүү өлкөлөрдөн фигуралуу шарлардын катышуусу менен өтүп жаткан фестиваль Үргүп районунда концерт жана ысык аба шарларынын жарыктандыруулары менен уланууда.

 



Тектеш кабарлар