Түркия БУУнун Женева кеңсесине жана Швейцария органдарына нааразычылык билдирүү нотасын тапшырды

БУУ, террордук уюм ПКК/ПЙД/ЙПГнын карамагындагы СДКга (Сирия демократиялык күчтөрү) командирлик кылган жикчил террор уюму ПККнын мүчөсү «Ферхад Абди Шахин» менен мүчөлөрүнүн маалыматынан тышкары жолугуп жалган «иш-аракет планына» кол койгон.

1230351
Түркия БУУнун Женева кеңсесине жана Швейцария органдарына нааразычылык билдирүү нотасын тапшырды

Түркия, жикчил террор уюму ПККлык террорист менен жалган «иш-аракет планына» кол койгон БУУнун Женевадагы Кеңсесине жана өлкөгө кирүү уруксатын берген Швейцария органдарына нааразылык нотасын тапшырды.

БУУ, террордук уюм ПКК/ПЙД/ЙПГнын карамагындагы СДКга (Сирия демократиялык күчтөрү) командирлик кылган жикчил террор уюму ПККнын мүчөсү «Ферхад Абди Шахин» менен мүчөлөрүнүн маалыматынан тышкары жолугуп жалган «иш-аракет планына» кол койгон.

Түркиянын БУУнун Женева кеңсеси багытындагы туруктуу өкүлдүгүнөн алынган маалыматка караганда өкүлчүлүк, БУУнун Женева кеңсесинин башкы директорунун милдетин аткаруучулукка кайрылып «иш-аракет планына» кол коюусуна тынчсыздануусун билдирди.

Туруктуу өкүлчүлүк, оозеки нааразылык билдирүүсүнүн дароо аркасынан керек болсо БУУнун Женева кеңсесине керек болсо Швейцария органдарына расмий нааразычылык билдирүү нотасын тапшырды.

Өкүлчүлүк, эки органга тең жөнөткөн нааразычылык билдирүү нотасына ПКК террористи «Ферхад Абди Шахиндин» интерпол тарабынан кызыл бюллетень менен изделгени тууралуу документти тиркеди.

Туруктуу өкүлчүлүк айрыкча БУУнун Сириядагы атайын өкүлү Гейр О. Педерсендин кеңсеси менен байланыш куруп «иш-аракет планына» кол коюлуусунан кабардар болуп болбогондорун сурады.

Гейр О. Педерсендин кеңсесинде иштеген жооптуу кызматкерлер болсо ишемби күнү ишке ашкан кол коюу аземинен маалыматтары болбогонун Түрк дипломаттарга билдирди.

БУУ, «СДК» ысымын колдонгон террор уюму ЙПГ/ПКК менен «карамагындагы бала согушкерлерди кое бериши үчүн» расмий азем менен келишимге кол койгон.

БУУнун билдиргенине караганда «СДКнын бул келишим менен балдарды согушкер катары колдонбоону, карамагындагы кыз жана эркек балдарды белгилеп бөлүүнү жана бул темада алдын алууларга кепилдик бергени» билдирилген.



Тектеш кабарлар