Сииртте 1 аскер шейит болду
Сиирттин Эрух районунун элетинде ПКК жикчил террордук уюмга карата операцияда 1 аскер шейит болуп, бир аскер жараланды.
1230070
Сиирттин Эрух районунун элетинде ПКК жикчил террордук уюмга карата жүргүзүлгөн операцияда 1 аскер шейит болуп, бир аскер жараланды.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Эрух районуна караштуу Акмеше элетинде ПКК террордук уюмдун мүчөлөрүнө карата абадан операция жүргүзүлдү. Операцияда террористтер менен болгон кагылышууда 2 аскер жараланды.
Сиирт мамлекеттик ооруканасына жаткырылган жаралуу аскерлерден бирөөсү бардык жардамдарга карабастан шейит болду. Аймакта террористтерди жок кылуу үчүн АТАК тик учарларынын колдоосу менен жүргүзүлгөн операция улантылууда.