8 -  Эл аралык студенттердин бүтүрүү аземи борбор шаар Анкарада өткөрүлдү

Мыкты окуган студенттер дипломдорун президент Р. Т. Эрдогандан алышты.

1230091
8 -  Эл аралык студенттердин бүтүрүү аземи борбор шаар Анкарада өткөрүлдү
abdullah eren.jpg

8 -  Эл аралык студенттердин бүтүрүү аземи борбор шаар Анкарада өткөрүлдү.

Чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы YTBнин стипендиясы менен Түркияда билим алган эл аралык студенттер бүтүрүү аземинин кубанычын жашашты.

Аземге катышкан Президент Р. Т. Эрдоган да эл аралык студенттердин кубанычына орток болду.

1500 эл аралык студент дипломдорун алган аземде сөз сүйлөгөн маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой студенттерге : «Силер эми дүйнө бештен чоң принцибинин бирден өкүлүсүңөр»,- деди.

Чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын төрагасы Абдуллах Эрен да башкармалыктын Түркия стипендиясынын маанисине көңүлдөрдү бурду.

Түркия бүтүрүүчүлөрүнө милдет берилгендигин айткан Эрен : «Түркиянын Түркиядан чоң экендигин, Түркиянын дүйнөнүн үмүтү экендигинин буйруса силер өз өлкөңөрдө ыктыярдуу элчилерибиз катары, бул көз карашты улантасыңар, биз да бул аманатты силер менен бирге алып жүрүүнү улантабыз»,- деди.

Мыкты окуган студенттер дипломдорун президент Р. Т. Эрдогандан алышты.

«8 -  Эл аралык студенттердин бүтүрүү аземи» студенттердин шапкаларын көккө ыргытуусу менен аяктады.



Тектеш кабарлар