Алты түрк жараны эркин койо берилди

Ливияда Халифе Хафтер күчтөрү колго түшүргөн алты түрк жараны эркин койо берилди.

1228085
Алты түрк жараны эркин койо берилди

Ливияда Халифе Хафтер күчтөрү колго түшүргөн алты түрк жараны эркин койо берилди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматтарга караганда Ливияда Хафтер күчтөрү тарабынан колго түшүрүлгөн алты түрк жараны эркин койо берилди. Булактар эркин койо берилген түрк жарандарынын ливиялык фирма ээлери менен кемеге кайтып келгендиги жана өз каалоолору менен иштөөнү улантууга чечим чыгаргандыгы билдирилди.

Хафтер күчтөрүнүн алты түрк жаранын колго түшүргөндөн кийин тышкы иштер министрлиги : «Ливияда Хафтерге караштуу мыйзамсыз куралдуу күчтөр тарабынан жарандарыбыздын колго түшүрүлүшү каракчылык мүнөзүндөгү кыймыл. Жарандарыбыздын дароо эркин койо берилишин күтүп жатабыз. Болбосо Хафтер элементтери мыйзамдуу бута абалына келет»,- деп бидирилген.



Тектеш кабарлар