Президент Р. Т. Эрдоган Чоң жыйырмалар саммитинде

Саммит премьер - министр Шинзо Абенин конокторду тосуп алып, үй -бүлө фотографиясына түшүү менен башталды.

1226551
Президент Р. Т. Эрдоган Чоң жыйырмалар саммитинде
erdogan g20-2.jpg
erdogan g20-1.jpg

Япониянын Осака шаарында эки күнгө созула турган Чоң жыйырмалар саммити премьер  - министр Шинзо Абенин конок лидерлерди тосуп алышы жана үй  - бүлө фотографиясына түшүшү менен башталды.

Президент Р. Т. Эрдоган үй  - бүлө фотографиясында  жанаша турган АКШнын президенти Дональд Трампка «макул» белгисин берди.

Президенттиктин коммуникация боюнча төрагасы Фахреттин Алтундун твиттер эсебинен Чоң жыйырмалар саммити тууралуу бөлүшкөн фотографияларда Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин жана Франциянын президенти Еммануэль Макрон менен маектишип жаткандыгы көрүнгөн. Президент  маектешүү учурунда колун Макрондун желкесине койду.

Эрдоган андан кийин лидерлер менен бирдикте «Санариптик экономика» деген темадагы иш чарага катышты. Иш чарадан кийин иш алып баруу тамагына өтүлдү. Тамактан мурда Эрдоган менен Путиндин кызуу маектешкендиги камераларга чагылды.

Ошол эле учурда тышкы ишетр министри Мевлют Чавушоглу  менен казына жана финансы министри Берат Албайрак да эки лидердин жанында болду.

Президент Эрдоган эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн да баштады. Биринчи болуп Дүйнөлүк банктын төрагасы Дэвид Малпассты кабыл алган Эрдоган андан кийин Франциянын президенти Еммануэль Макрон менен жолугушту. Массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн жолугушуу бир саатка созулду. Жолугушууга тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, казына жана финансы министри Берат Албайрак, улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да катышты. 

Президент Эрдоган өзгөчө Осака мамлекеттик конок үйүндөгү маданий программага катышты. Эрдоган лидерлердин урматына берилген тамакка катышты. 

 

 

 



Тектеш кабарлар