Стамбулда шайлоону жеңген Экрем Имамоглу болду

Шайлоодо 10 миллион 570 миң 354 шайлоочунун 8 миллион 925 миң 63ү шайлоого барып добушун берди.

1223862
Стамбулда шайлоону жеңген Экрем Имамоглу болду

Стамбулда кайрадан өткөрүлгөн Стамбулдун мэрин шайлоодо расмий эмес жыйынтыктарга караганда Республикачыл элдик пратиясы (ЖХП) жана Жакшы (Ийи) партиясынын Стамбул мэрлигине талапкери Экрем Имамоглу жеңди.

Жогорку шайлоо кеңешинин чечими боюнча кайра кайталанган Стамбулдун мэрин шайлоодо расмий эмес жыйынтыктарга караганда Республикачыл элдик партиясы менен Жакшы (Ийи) партиясынан турган «Миллет» өнөктөштүгүнүн талапкери Экрем Имамоглу 4 миллион 741 миң 868 добуш, Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен Улуттук кыймыл партиясынан турган «Хумхур» өнөктөштүгүнүн талапкери Бинали Йылдырым болсо 3 миллион 935 миң 453 добуш алды.

Шайлоодо 10 миллион 570 миң 354 шайлоочунун 8 миллион 925 миң 63ү шайлоого барып добушун берди. Добуштардан 8 миллион 746 миң 464ү жарактуу деп эсептелип, 178 миң 599у жараксыз болду.

Расмий эмес жыйынтыктарга караганда Стамбулдун мэри болуп шайланган  Экрем Имамоглу жарактуу добуштардын 54,21 пайызына туура келген 4 миллион 741 миң 868ин, Бинали Йылдырым болсо жарактуу добуштардын 44,99 пайызына туура келген 3 миллион 935 миң 453үн алды.

Саадет партиясынын Стамбул мэрлигине талапкери Неждет Гөкчынар болсо 47 миң 829 добуш, ал эми Ватан парртиясынын Стамбул мэрлигине талапкери Мустафа Илкер Йүжел 14 миң 545 добуш алды.



Тектеш кабарлар