Ички коопсуздук операциялары уланып жатат

Операцияда төрт террорист жок кылынды.

1217750
Ички коопсуздук операциялары уланып жатат

 

Мардин жана Бингөлдө жүргүзүлгөн абадан колдоо көрсөтүлгөн операцияда жикчил террордук уюм ПККлык 4 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, ички коопсуздук операцияларынын алкагында Мардиндин Нусайбин районунун элет жеринде 2 террорист, Бингөлдүн Адаклы районунун элет жеринде 2 террорист жалпы 4 террористтин абадан колдоо көрсөтүлгөн операцияларда жок кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө аймакта операциялардын уланып жатканы маалымдалды.

Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында уланып жаткан «Чеңгел» операциянын алкагында болсо жикчил террордук уюм ПККга таандык баш калкалоочу жайлар, курал-жарак жана ок-дары сактоочу кампалар абадан атылды.

 



Тектеш кабарлар