Тунжелиде эки аскер шейит болду

Террористтердин коопсуздук күчтөрүнүн «багын» эскертүүсүнө ок атуу менен жооп бериши менен чыккан кагылышууда 4 аскер жараланды.

1216840
Тунжелиде эки аскер шейит болду

Тунжели элетинде террористтер менен болгон кагылышууда жараланган төрт аскерден экөөсү шейит болду. Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Тунжелинин элетинде террористтерге карата операцияларды жүргүзүп жаткан коопсуздук күчтөрү кечки сааттарда бир группа террорист менен ок атышты.

Террористтердин коопсуздук күчтөрүнүн «багын» эскертүүсүнө ок атуу менен жооп бериши менен чыккан кагылышууда 4 аскер жараланды.

Аймакка жиберилген аскердик тик учар менен Тунжели мамлекеттик ооруканасына жаткырылган аскерлерден экөөсү бардык медициналык жардамдарга карабастан шейит болду.

Террористтерге карата операция улантылууда.

Ванда болсо Тендүрек тоо аймагында абадан колдоо көрсөтүлгөн операцияда ПКК террордук уюмдун 4 террористти жок кылынды. Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Вандын Чалдыран районунун Тендүрек тоо аймагында облустук жандармерия командирлиги тарабынан жүргүзүлгөн операцияда 4 террористтин жок кылынгандыгы белгиленди. 

Маалыматта аймакта операциялардын улантылып жаткандыгы белгиленди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар