Келишимдерге ылайык ФЕТӨ корбашчысы тууралуу буга чейин кадам ташталышы керек эле

Америкалык кесиптеши Уильям Барр менен Вашингтондо жолуккан Абдулхамит Гүл, бул жолугушуусуна жана башка жолугушууларына Түрк басма сөз мүчөлөрү менен болгон жолугушууда баа берди.

1217142
Келишимдерге ылайык ФЕТӨ корбашчысы тууралуу буга чейин кадам ташталышы керек эле

Адилет министри Абдүлхамит Гүл, «Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысы Фетхуллах Гүлендин экстрадиция кылынышы тууралуу эл аралык келишимдер жана Түркия менен АКШнын кол койгон келишимдерине ылайык буга чейин кадам ташталышы керек эле» деген пикирин айтты.

Америкалык кесиптеши Уильям Барр менен Вашингтондо жолуккан Абдулхамит Гүл, бул жолугушуусуна жана башка жолугушууларына Түрк басма сөз мүчөлөрү менен болгон жолугушууда баа берди.

Эң оболу Нью-Йорктогу Түрк күнүнө катышканын, андан кийин Нью-Хавендеги өрттөлгөн мечитке барганын айткан министр Гүл, АКШда жашаган Түрк атуулдары менен жолукканы үчүн абдан кубанганын белгилеп өттү.

АКШнын адилет министри Уильям Барр менен жолугушуусуна сереп салган Абдулхамит Гүл: «Түркия менен АКШнын ортосундагы юстициялык жардамдашуу жана эл аралык келишимдер тууралуу темаларды карадык. Абдан жемиштүү жана пайдалуу жолугушуу болду. Жакшы натыйжаларды алабыз деп ойлойм»,-деди.

ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлендин кайтарылып берилишин дагы сүйлөшкөндөрүн айткан Гүл: «Эл аралык келишимдер жана Түркия менен АКШнын кол койгон келишимдерине ылайык буга чейин кадам ташталышы керек эле. Бул темада эмдигиче кандайдыр бир жылыш болбогонун кабыл алуубуз мүмкүн эмес. Өзгөчө Түрк сот органдарынын АКШга жеткирген далилдери, документтери жана экстрадиция кылуу талаптары ал жерге жеткенине карабастан бул теманын сот органдарына өткөрүлбөгөн болушун кечирбейбиз",-деп айтты.

Гүл, Түркиянын бир укук мамлекетинде болушу керек болгон нерсени талап кылганын, Гүлендин кайтарылып берилишинин ишке ашышы жана Түрк сот органдарынын талаптарынын орундатылышын каалагандарын белгиледи.

Түркиянын ФЕТӨ темасындагы тезистерин АКШ органдары багытында эң күчтүү түрдө дагы бир жолу сөз кылгандарын айткан Гүл, бул тезистерин өткөрүүнү уланта тургандарын билдирди.

Түркия менен АКШнын ортосундагы юстициялык жардамдашуу процессине да токтолгон Гүл, АКШнын ар башка убактарда Түркиядан юстициялык талаптары болуп, алардын укуктун алкагында орундатылганын, АКШ тарабынан да ушундай эле нерсенин күтүлгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар