Башы кайрымдуулук, ортосу кечиримдүүлүк, аягы азаптан кутулуу болгон рамазан айы артта калды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, эртең баштала турган Рамазан майрамынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Башы кайрымдуулук, ортосу кечиримдүүлүк, аягы азаптан кутулуу болгон рамазан айы артта калды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Рамазан айт майрамынын мусулмандар жана адамзат үчүн чыныгы маанидеги майрам атмосферасында өтүшүн каалагандарын белгилеп кетти.

Президент Эрдоган, эртең баштала турган Рамазан айт майрамынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Атуулдардын майрамын куттуктаган Эрдоган, башы кайрымдуулук, ортосу кечиримдүүлүк, аягы азаптан кутулуу болгон дагы бир рамазан айы артта калганына басым жасады.

 Таарынышкандар жарашкан, айры калгандар бири-бирине жеткен, катарлар тыгыздашкан, үмүттөр жаңыланган, жүрөктөр толкундануу менен соккон дагы бир майрамга жеткиргени үчүн Аллага ыраазычылык билдиргенин айткан Эрдоган: «Муну менен бирге дүйнөнүн төрт тарабында, ушул ыйык күндөрдө дагы зулумдукка учураган, жакырчылык жана жокчулукта жан далбас урган туугандарыбыз бар экенин билүү, көңүлдөрүбүздү чөгөрөт. Майрамдардын атуулдарыбыздын толугу менен катар бүткүл мусулмандар жана адамзат үчүн чыныгы маанидеги майрам атмосферасында өтүүсүн каалайбыз»,-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын дуушар болгон террордук кол салууларга, курчоолорго, тузактарга карабастан демократиясы жана экономикасы менен тип-тик ордунда туруп, өз эли менен катар бардык досторунун жана адамзаттын үмүтү болуусун улантканын баса белгиледи.

Эрдоган: «Дүйнө, алдыбыздагы бир кылымын формаландыра турган чоң өзгөрүү процессине кирди. Өлкөбүздүн эң чоң мүмкүнчүлүгү, бул орчундуу мезгилди 1990-жылдардагы сыяктуу начар абалда эмес, күчтүү түрдө тосуп алуусу болуп саналат. Өткөн 17 жылда өлкөбүзгө тарткан инвестициялар, ишке ашырган долбоорлор, жасаган кызматтар аркылуу Түркия, бул процессти мүмкүнчүлүккө айландыра турган абалда турат»,-деди.



Тектеш кабарлар