Болгариядан Эдирнеге поезд каттамы башталат

Поезд каттамдары 1 -  июндан башталат жана жылдын акырына чейин ишемби жана жекшемби күндөрү иштетилет.

1208899
Болгариядан Эдирнеге поезд каттамы башталат

Түркия республикасынын мамлекетиик темир жолдор акционердик коому менен Болгария темир жолдорунун ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде 1 -  июндан баштап Болгариянын Филибе шаарынан Эдирнеге поезд  каттамдарын аткарат.

Түркия республикасынын темир жолдор акционердик коомунан алынган маалыматка караганда Түркия менен Болгариянын ортосундагы сооданы арттыруу максатында Болгариянын Филибе шаары менен Эдирненин ортосунда жүргүнчү поездинин  иштетилишине чечим чыгарылды. Каттай турган поезддер 3 вагондон турат жана жалпы 226 жүргүнчүнү ташый алат.

Поезд каттамдары 1 -  июндан башталат жана жылдын акырына чейин ишемби жана жекшемби күндөрү иштетилет.

Эдирне менен Филибенин ортосундагы 184 километрдик аралыкты 4 саат 15 минутада өтө турган поезд Эдирнеден саат 17:00дө чыгып Филибеге саат 21:15те барат. Филибеден саат 08:40та чыккан поезд да саат 12:18де Эдирнеге келет.



Тектеш кабарлар