Австриялык саякат агенттиктери багытты Шанлыурфага бурду

Австриянын алдыңкы 14 саякат агенттигинин өкүлү Түркиянын маданият турларындагы негизги борборлорунун бирөөсү болгон Шанлыурфага келди.

1207820
Австриялык саякат агенттиктери багытты Шанлыурфага бурду

Президент Р. Т. Эрдоган тарабынан  2019 -  жылды «Гөбеклитепе жылы» деп жарыяланышынан кийин тарыхый уранды жери болон Шанлыурфага өлкө ичинен жана өлкө тышынан туристтердин кызыгуусу артты.

Австриянын алдыңкы 14 саякат агенттигинин өкүлү Түркиянын маданият турларындагы негизги борборлорунун бирөөсү болгон Шанлыурфага келди.

Конок делегация ЮНЕСКОнун  Дүйнөлүк мурас тизмесиндеги Гөбеклитепени, ЮНЕСКО Дүйнөлүк мурас убактылуу тизмесиндеги тарыхый Балыклыгөл отурукташуусу жана конс куполдуу үйлөрү менен билинген Харранды кыдырышты.

Австралия делегациясынын катчысы Мартин Флориан Түркиянын маданий туризми жактан дүйнөнүн эң негизги өлкөлөрүнүн башында тургандыгын айтты.

Австрияда тарыхый жерлерге атайын кызыккан бир топтун бар экендигин айткан Флориан өзгөчө акыркы жылдарда Австрияда Гөбеклитепенин тарых турларында күн тартибине келе баштагандыгын билдирди. Флориан Гөбеклитепенин адамзаттын эң эски отурукташуу жери катары сакталган өзгөчө жер экендигин баса белгиледи.

Делегациядагы Даниэла Чекила  да бир гана археологиялык аянттарга атайын турларды уюштурган бир агенттиктин  бар экендигин айтты.

Дүйнөлүк археологияда Гөбеклитепенин өзгөчө бир абалга ээ экендигин белгилеген Чекила : «Австриядан бул жерге карата чоң кызыгуунун болоруна ишенем»,- деди.  



Тектеш кабарлар